БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Токтогул райондук милициясы чет өлкөлүк туристтин унутуп калтырып кеткен кол сумкасы менен акчасын таап берди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Анын кол сумкасында 800 АКШ доллары, 800 евро, 2000 сом жана банк карточкасы болгон. Ал эми банк карточкасында болжол менен 40 000 евро акчасы бар экени белгиленген.
Бул факт Токтогул РИИБинин реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Милициянын ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында чет элдик жарандын унутуп калтырып кеткен кол сумкасын алган жаран аныкталган. Ал И.С. аттуу 17 жаштагы Баткен облусунун тургуну экендиги такталды. Шектүүнүн Ош шаарында жүргөндүгү аныкталып, милиция кызматкерлери аны ошол жерден табышкан", — деп айтылат билдирүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча, баткендик жигит ээсиз калган буюмду көрүп алганы менен акчасын короткон эмес. Сумка, акчалар толугу менен чет элдик жаранга өткөрүп берилди.
Гётц Токтогул милициясына ыраазычылык айтып, буюмдарынын табылганына кубанганын билдирген.