БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакыртылып, ага нааразычылык нотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Буга Кыргызстандын Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагына тажик аскерлери жана атайын техникалары кирип келгени себеп болгон.
"Тажикстандын элчисине тажик тарап буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптын делегациясынын өкмөттүк деңгээлде жетишилген келишимин бузганы боюнча маалымат берилди. Ошондой эле 2021-жылдын 1-майында Кыргызстан менен Тажикстандын коргоо министрлеринин өкүлдөрү макулдашкан протокол сакталбаганы эскертилди. Мындай чагымчылдык аракеттердин аягы чек аралаш аймактагы кырдаалды курчутууга алып келери айтылды", — дешти ТИМден.
Ошондой эле буга чейинки макулдашууларга карабай, Тажикстандын бийлик өкүлдөрү телефон чалууларга жооп бербей, байланышка чыкпай жатканы белгиленди. Муну менен чыңалууну жайгаруу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүдөн качып жатышканы жазылган.
Кыргыз тарап эки өлкөнүн чек аралаш аймактарында эскалация болуп кетишине жол бербөө үчүн тажик тараптан Унжу-Булакка койгон контейнерин бузуп, аскерлерин жана аскердик техникаларын артка тартып кетүүнү талап кылды.