Тик учак кырсыктаган аймакка үч тез жардам бригадасы чыгып кетти

Министрлик кырсыктан улам Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай аймагынан чакыруу түшкөнүн маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Аскердик тик учак кырсыктаган аймакка үч тез жардам бригадасы чыгып кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Алайда аскердик тик учак куладыбы? Расмий органдардын жообу
Ноокат райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары Эртабылды Көккөзов маалымат түшөрү менен үч тез жардам бригадасы жөнөтүлгөнүн айткан. Алар ооруканага жеткирилгенден кийин кошумча маалымат берилет.
Ал эми Коргоо министрлиги МИ-8 МТ аскердик тик учагы авариялык абалда конууга аргасыз болгонун тастыктады. Бортто 10го чукул адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча, үч киши жеңил жаракат алган, алар медициналык жардамдан баш тартканы айтылат.