1,2 млн. доллар алмак. Садыр Жапаровдун агасынын атын саткандар кармалды

Президенттин агасынын атын жамынгандар жарандан 1,2 миллион доллар алууга аракет кылышкан. Алар акчанын бир бөлүгүн алып жатканда колго түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып ири өлчөмдө акча алып жаткандарды кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1 / 3
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып ири өлчөмдө акча алып жаткандарды кармады
2 / 3
Маалыматка караганда, А.М.Б. жана Б.У.М. аттуу адамдар президенттин агасы Сабыр Жапаровдун адамыбыз дешип контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн M.T.A. аттуу жарандын 1 миллион 250 миң долларын ээлеп алууга аракет кылышкан
3 / 3
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон
Маалыматка караганда, А.М.Б. жана Б.У.М. аттуу адамдар президенттин агасы Сабыр Жапаровдун адамыбыз дешип контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн M.T.A. аттуу жарандын 1 миллион 250 миң долларын ээлеп алууга аракет кылышкан.
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү ("Алдамчылык") менен кылмыш иши козголгон.
Инандыны таап берем деп 50 миң доллар, автоунаа алган шектүү кармалды
3-июнь күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин А.М.Б. жана Б.У.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Буга чейин президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселесин чечүүгө аракет кылгандар бар экенин айтып, мындай окуяларга туш болгондорду тиешелүү укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнгөн.