Коргоо министрлиги Ошто кулаган тик учактын чоо-жайын айтты

Акыркы такталган маалыматтар боюнча, тик учактын ичинде 15 адам болгон. Анын үчөө экипаж мүчөсү, калган 12си башка адамдар.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Коргоо министрлигинин куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош облусуна караштуу Араван районунун Кичи-Алай айылында авариялык абалдан улам конууга аргасыз болуп катуу конгондуктан, тик учактан өрт чыгып кеткен. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, тик учак 4-июнь күнү болжол менен саат 12:45те кырсыктаган.
Садыр Жапаровдун кортежиндеги унаа кырсыктап, УКМКнын өкүлү каза болду
Акыркы такталган маалыматтар боюнча, тик учактын ичинде 15 адам болгон. Анын үчөө экипаж мүчөсү, калган 12си башка адамдар. Кырсыктан үчөө күйүк алып, жабыркагандар Тез жардам кызматы менен Ош облустук бириктирилген ооруканасына жеткирилгени айтылды.
Аталган факт боюнча кызматтык иликтөө башталды.
Буга чейин УКМК Ош облусунун Алай районунун аймагында аскердик тик учак авариялык кырдаалдан улам конууга аргасыз болгонун кабарлаган.