БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кытайлык жаран Бишкектен Ош шаарына такси менен бара жатып жолдо каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя боюнча Ош ШИИБге 3-июнга карган түнү Тез жардам кызматы маалымат берген. Маркум 44 жашта болгону айтылды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм катары катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.