КРде онкологиялык илдеттер боюнча каттоодо тургандардын 98 пайызы аялдар

Рактын кайсы түрү кеңири тараганын айта кетсек, биринчи орунда тамак сиңирүү органдарынын залалдуу шишиги турат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 2020-жылдын аягындагы маалымат боюнча, республиканын онкологиялык мекемелеринде 20 миңден ашык адам каттоодо турат. Алардын 98 пайыздан ашыгы аялдар экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда адам өмүрүн алган оорулардын сап башында кан айлануу системасынын илдеттери турат. Андан кийин эле биз сөз кылып жаткан залалдуу шишиктер орун алган.
Тери рагынын белгилерин кантип байкаса болот. Адистен 5 кеңеш
Рактын кайсы түрү кеңири тараганын айта кетсек, биринчи орунда тамак сиңирүү органдарынын залалдуу шишиги турат. Былтыр каттоодо тургандардын 33 пайызы рактын дал ушул түрүнө чалдыккандар болгон. Андан кийин дем алуу органдарындагы рак (12 пайыз), эмчек рагы (11 пайыз), кан рагы (5 пайыз) жана тери рагы (4 пайыз) жайгашкан.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан адистердин пикирине таянып, кандай адамдарда ракка кабылуу тобокелдиги көбүрөөк экенин жазган.