БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Казакстан аркылуу транзиттин абалы өтө катаал болуп турат. Бул тууралуу кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктар боюнча тегерек стол учурунда USB Transit ишканасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди.
"Казакстанды транзиттик өлкө катары пайдалануу биздин жүк ташуучулар, экспортчулар жана реэкспортчулар үчүн өтө көйгөйлүү маселе. ЕАЭБ регламентине, эл аралык жүк ташуу эрежелерине кирбесе дагы алар машиналарды текшерип жатышат", — деди Маткерим уулу.
Анын айтымында, мындай көйгөй 2017-жылы эле башталган. "Бирок кайсы бийлик келбесин, бул маселеге көңүл бурбай келет".
Маткерим уулу белгилеп кеткендей, алар премьер-министрдин кабыл алуусунда болушкан, бир нече күн мурда президентке кайрылуу жолдошкон. Бирок жооп боло элек.
"Казакстан тыкыр текшерүүлөрдү каалап жатат. Кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын мамлекеттик органдарынын кылып жаткан нерселерин далил катары видеого тартып алып жатышат. Муну көргөн Кыргызстандын тиешелүү органдары казакстандык кесиптештери менен байланышууга аракет кылышууда. Бирок жооп жок. Муну президенттин жана жогорку органдардын деңгээлинде чечүү керек", — деди ал.
Маткерим уулунун айтымында, бул нерсенин мыйзамга туура келбесине карабастан жолдордо Казакстандын текшерүүчү органдары иштеп жатат.