Кара-Суудагы Шаркансай суусуна түшүп кеткен бала Өзбекстандан изделүүдө

15 жаштагы бала Шаркансай суусуна 31-май күнү түшүп кетип, андан ары Өзбекстандын аймагына агып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда Шаркансай суусуна түшүп кеткен 15 жаштагы бала Өзбекстандын аймагына агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Ага ылайык, бала Шаркансай суусуна 31-май күнү түшүп кеткен. ӨКМ коңшу өлкөгө тиешелүү кат жолдогон.
Кечээ, 3-июнь күнү, Өзбекстандын төрт куткаруучусу Анжиян облусунун Коргон-Төбө районундагы "Түштүк Фергана" каналында издөө иш-чараларын жүргүзүп, бирок натыйжа болгон эмес.
Бүгүн издөө иштери улантылат.