Камчыбек Ташиев Чоң-Алайга учуп кетти

4-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди кое баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев шашылыш түрдө Чоң-Алай районуна учуп кетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ташиев менен чогуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев дагы кетти", — деп айтылат билдирүүдө.
Тажик тарап түн жамынып Чоң-Алайдагы чек арага контейнер орнотууда. Видео
Эске салсак, 4-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип контейнерлерди коё баштаган. УКМКнын Чек ара кызматы учурда абал чыңалып турганын билдирген.
Өкмөт муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгилейт.