Иса Өмүркулов сыртка дарыланууга кетүүдө. КСДП фракциясын ким жетектейт?

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияны убактылуу эл өкүлү Жыргалбек Турускулов башкарып турмай болду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов узак убакытка чет өлкөгө дарыланууга кетип жатат. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ЖК депутаты Аида Касымалиева тастыктады. 
Анын айтымында, Өмүркулов кетип жаткандыгына байланыштуу КСДП фракция жетекчилигин эл өкүлү Өмүрбек Бакировго убактылуу өткөрүп берген. Ал эми көпчүлүк коалицияны эл өкүлү "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов башкарып турмай болду.