Жыйынтык кайра каралган. ИИМ генералы Киязов ШКУ марафонунан алтын алды. Сүрөт

Мелдеш 15-майда өтүп, акыркы жыйынтык чыкты. Ардагерлер арасынан биринчи орунду алган казакстандык спортчу эреже бузганы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Ички иштер органынын генерал-майору Кемелбек Киязов Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун Run the Silk Road эл аралык марафонунун алтын медалынын ээси болду
2 / 2
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан
Билдирүүнү уюштуруучулардын расмий сайтынан да табууга болот.
Мелдеш 15-майда өткөн. Анын акыркы эсептөөлөрү жүргүзүлүп, кечээ, 3-июнь күнү, 65 жаш жана андан улуу курактагы категория боюнча жеңүүчүлөр диплом жана медалдар менен сыйланган. Алар 42 чакырымга чуркашкан.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында биринчи орунду алган казакстандык спортчу (Жаксылык Мамырбекулы) мелдештин эрежелерин бузгандыгы үчүн көрсөткүчү жокко чыгарылган. Ал жаракатынан улам дарыгерлерди чакырып, медициналык жардам алганы жана финишке Тез жардам унаасы менен жеткени аныкталган", — деп айтылат маалыматта.
Керилген кыздар, койкойгон жигиттер. Көлдөгү марафондун көз сүйүнткөн сүрөттөрү
Натыйжада биринчи орун кыргыз милициясынын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязовго ыйгарылды. Ал 42,2 чакырымды 4 саат 13 мүнөт 33 секундада чуркап келген. Экинчиге Меңдибек Сыдыков (4 саат 13 мүнөт 39 секунд), үчүнчүгө Турдумамат Абдазов (4 саат 13 мүнөт 59 секунд) ээ болгон.
Кыргыз милициясынын ардагери, генерал-майор Кемелбек Киязов 65 жашта. Бул анын чуркоо боюнча үчүнчү мелдеши болду.