Малкина: ЕАЭБдин кеңейиши миф эмес, келечектин иши

Евразиялык биригүүгө киргенде бере турчу мүмкүнчүлүктөргө, келечектүү кадамдарга кызыккан өлкөлөр улам көбөйүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. ЕАЭБдин кеңейиши миф эмес, келечектин жүзөгө аша турган иши деген оюн ЕЭКтин расмий өкүлү, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасына жардамчылык милдетти аткарган Ия Малкина айтып берди.
Ал Евразиялык экономикалык комиссиянын негизги сессиясынан кийин сүйлөдү. Петербургдагы экономикалык эл аралык форумдун алкагында Sputnik маалымат агенттигинин аянтында уюштурулган Санкт-Петербург — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүндө Малкина бир катар суроолорго жооп берди.
Андан ЕАЭБге жаңы мүчөлөрдү киргизүү боюнча сурашты.
"Форумда бул суроо биринчи жолу берилген жок. Кыязы, мындай нерсе Евразиялык биригүүгө киргенде бере турчу мүмкүнчүлүктөргө, келечектүү кадамдарга кызыккан өлкөлөрдүн саны улам көбөйүп жаткандыктан болсо керек", — деди ЕЭК өкүлү.
Радио
Кулумбетов: электр энергиясын ЕАЭБдин рыногунда сатууну ойлонуу керек
Малкина 2020-жыл жаңы байкоочуларды, Куба менен Өзбекстанды тартууга мүмкүнчүлүк жаратты деген пикирин айтты.
"Бул мамлекеттердин өкмөттөрү кандайдыр бир экономикалык каатчылыктарды биргелешип жеңүүгө мүмкүнчүлүк берген инструменттерге кызыгууда. Союздун кеңейиши жөн эле айтылган миф эмес, келечектин реалдуу иши", — деп белгилеген ал.
Малкина биринчи иретте уюмдун кеңейиши ага кошулууга кызыкдар болгон мамлекеттердин эркине байланыштуу экендигин кошумчалаган.