БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигинин аймагында роумингди жоюп салуу маселеси этап-этабы менен каралып, 2025-жылы чечилиши мүмкүн. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.
Форумдун алкагында Sputnik маалымат агенттигинин аянтчасында Санкт-Петербург — Бишкек — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсү уюштурулуп, Малкина бир катар суроолорго жооп берди.
Ага ЕАЭБдин аймагындагы роумингди алып салуу боюнча суроо узатылды.
"Роумингди алып салуу этап-этабы менен жүрө турган процесс. 2025-жылы роумингдин төлөмдөрү ар бир өлкөнүн өзүндөгү тарифтердей болуп каларына үмүт артабыз", — деп жооп берди Малкина.
Анын айтымында, ЕАЭБдин алкагында баарына калыс болгон тарифтик шарттарды түзүү боюнча план иштелип жатат. Ал Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилет.