Чоң-Алайдын 5 айылынын эли эвакуацияланып баштады. Сүрөт

Эл коопсуз аймакка көчүрүлүп, облус башчынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштуруу иштери да жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, эвакуация иштери 4-июнь күнү саат 19:30 чамасында башталган.
"Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ӨКМ менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймакка көчүрүп жатат. Мындан тышкары, облус башчысынын тапшырмасы менен гуманитардык жардам уюштуруу иштери жүрүүдө", — деп жазылат маалыматта.
ӨКМдин маалымат кызматы айыл тургундары Дароот-Коргон айылындагы А.Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына эвакуацияланып жатканын кошумчалады.
Кыргызстан Тажикстандын "Унжу-Булак" боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.