Бишкек мэрия 350 автобус боюнча келишимге кол койду. 1-партиясы июлда келет

Келишимге Бишкектеги маршрутканын айдоочулары иш таштап жаткан мезгилде кол коюлду. Алар үч күндөн бери жумушка чыга элек.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы Өзбекстанда чыгарылган япониялык үлгүдөгү ISUZU автобустарын сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маршруткалар мындан ары чыкпасын! Ызаланган бишкектиктердин соцтармактагы пикири
Келишимге Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Эмилбек Ункуев менен "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынын башчысы Капар Усубаматов кол койгон. Меморандум 11-майда кабыл алынган.
Келишимге Бишкектеги маршрутканын айдоочулары иш таштап жаткан мезгилде кол коюлду. Алар үч күндөн бери жумушка чыга элек.