Доллар кайрадан кымбаттады. Бензин менен алтын боюнча абал кандай

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар кымбаттап, евро, тескерисинче, баасын түшүрдү. Ири май куюучу жайларда бензиндин баасы өзгөргөн жок.
Бейшемби күнкүгө салыштырмалуу бүгүн акча алмаштыруу жайларында доллар сатып алуу 17 тыйынга (84,46 сом), сатуу 11 тыйынга (84,84 сом) кымбаттады. Айта кетсек, айрым банктарда АКШ акчасынын курсу кайрадан 84,9 сомго жетти.
Евро арзандап жатат. Сатып алуу 42 тыйынга (101,89 сом), сатуу 45 тыйынга (103,31 сом) түштү.
Күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле:
"Роснефть":
"Газпром нефть Азия":
Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 86,5 сомго арзаныраак сатыла баштады.