БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыздар Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open турнирине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Ага белгилүү беш спортчу жөнөп кетет.
Атлеттерди башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, калыс Саитдин, дарыгер Бактыгүл Алишева, массажист Константин Еремич коштоп барат.
Эске салсак, Тыныбекова, Жуманазарова, Медет кызы Токио Олимпиадасына лицензия алган.