Марипов казак элчиси менен чек арада кезек күткөн фуралардын маселесин талкуулады

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Казакстандын элчисин дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктап, ийгилик каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Өзгөчө көңүл Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташыган кыргызстандык айдоочулардын кыргыз-казак чек арасында узун кезекке туруп калып жаткан көйгөйгө бурулду", — деп айтылат маалыматта.
Марипов элчини Кыргызстандагы дипоматиялык ишинин башталышы менен куттуктады.