Сыр бербей... Полиция унаасынан түшө качкан шектүүнүн видеосу

Россияда полициянын унаасынан качууга аракет кылган кишинин окуясы күбөлөрдүн видеосуна тартылып калды.
Sputnik
Кызыктуу окуя 31-майда Саранск шаарындагы Түндүк-Чыгыш шоссесинде болгонун РИА Новости жазды.
Молдовановкадагы абактан качкан эки кишиге ок атылып, бири каза тапты
Эркек киши машинанын ичинен арткы эшигин ачып, акырын унаадан түшкөн. Колун чөнтөгүнө салып, көчөдөн  өтүп бараткан адамдай түр көрсөтүп басып кеткен.
Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери муну дароо байкап, аны тез арада кармаган.