Орхан Инандынын жоголушу: Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кеңешме өткөрдү

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Сапат" билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды дайынсыз болуп жатканына байланыштуу укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшү тууралуу маалымат берген.
"Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Орхан Инандынын кайсы жерде экенин тезинен аныктоо боюнча ведомстволор аралык координацияны, өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана бардык ыкчам-тергөө чараларын көрүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек милиция: Орхан Инанды Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес
Эске салсак, "Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инандынын 1-июндан бери дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Бул маалыматтан кийин президент Садыр Жапаров аны издөө боюнча кошумча күч тартууну тапшырган. Инандынын автоунаасы 12-кичи райондо эшиги ачык калган тейде табылганы айтылып, атасынын жоголгону боюнча уулу арыз жазган. 
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеп жүргөнүн маалымдаган.