Милиция 17 жаштагы Айдана Мусакулованы издеп жатат. Сүрөт

Милицияда кыз Бишкекте жүрөт деген маалымат бар. Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Сокулук райондук милициясы 17 жаштагы Айдана Мусакулованы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Сокулук районунда дайынсыз жоголгон Айдана Мусакулова
Ал Сокулуктагы үйүнөн 31-май күнү чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орточо, чачтары кара жана узун, көзү күрөң, өңү кара тору.
Көк футболка, кара шым, ак кроссовка кийип жүргөн.
Милицияда кыз шаарда жүрөт деген маалымат бар.
Укук коргоо органдары аны көрүп-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Номерлер: