Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов Hardcore Fighting Championship мелдешинин кезектеги этабында атаандашын нокаутка кетирип, жеңишке жетти. Беттештин видеосун аталган уюм өзүнүн YouTube каналына чыгарган.
27-майда Москвада аталган гран-при мелдешинин квалификациялык этабында Кыргыз каймана атты алып жүргөн Абдырахманов россиялык Лео кайманы ысымдуу Анатолий Скрыпник менен кез келип, биринчи эле раундда сулата чапкан.
Беттештен кийинки сөзүндө кыргызстандык мушкер ким менен таймашпасын аягына чейин кармашарын айтты.
"Кыргыз эли ар дайым өз эл-жери, мекени үчүн бекем туруп, согушуп келген. Мен үч миң чакырым алыс жерден келгем. Ошон үчүн жеңилүүгө акым жок", — деген спортчу.
Ошондой эле ал өзү жашап, машыккан Россиянын Тюмень шаарына салам жолдогон.
Ал буга чейин башкыртстандык Вячеслав Орлов менен мелдештин экинчи сезонунда беттешип, алгачкы раундда эле атаандашын нокаутка кетирген.
Ыкчам кыймылы, күтүүсүз жана сулатуучу чагылгандай тез соккулары үчүн кыргыз мушкерин лиганын алып баруучулары "Кыргыз Флойду" деп атап коюшкан.
Hardcore Fighting Championship уюмунун экинчи сезонунда ар кайсы салмак категориялары боюнча тандалма мелдештер өтөт. Финалга чыккандар Гран-при үчүн ат салышат. Биринчи орунду алган спортчуга — BMW автоунаасы, экинчиге — миллион рубль, үчүнчүгө 500 миң рубль берилет.