Чычкан капчыгайына оор жүк ташуучу унаа оодарылып, айдоочусу мүрт кетти. Сүрөт

Кырсыктан көз жумган айдоочунун аты-жөнү такталууда. Куткаруучулар анын сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайына Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип айдоочусу мүрт кетти. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайына Renault үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кетип айдоочусу мүрт кетти
Айдоочунун ким экени такталууда. Окуя Бишкек — Ош унаа жолунун 236-чакырымында болгон.
Каргаша болгон жерге беш куткаруучу тартылган. Алар кырсыктын кесепетинен көз жумган айдоочунун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен.
Каргаша болгон жерге беш куткаруучу тартылган