Чек ара кызматы: октон жаракат алган экинчи жоокер көз жумду

Мурдагы күнү кыргыз-тажик чек арасынын аймагында аскерлердин бири куралын этиятсыздык менен колдонуп, анын кесепетинен бир аскер каза болгон. Экинчиси жаракат алган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Паскы-Арык айылында куралды этиятсыз менен колдонгон экинчи чек арачы да көз жумду. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
Эске салсак, 1-июнда кыргыз-тажик чек арасынын аймагында кызмат өтөп жүргөн аскерлердин бири куралын этиятсыздык менен колдонуп, анын кесепетинен Чек ара кызматынын бир аскери каза болуп, экинчиси жаракат алган.
Факты боюнча тиешелүү органдар териштирүү жүргүзүүдө.