БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында транспорттук көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча долбоор 2017-жылдан бери турат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы МЖӨ борборунан билдиришти.
"Бишкектеги шаардык транспортту жакшыртуу" долбоору боюнча демилге төрт жыл мурда көтөрүлгөн. Борбордун маалыматына ылайык, долбоор каттамдардагы кичи автобустардын ордуна жаңы автобус, троллейбустарды пайдаланып, ал эми кичи маршруткаларды Бишкектин чет жакаларына таратууга багытталган.
Адистер тарабынан даярдалган техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, кичи автобустар шаардын сыртына каттап, жүргүнчү терминалдары аркылуу тармакка туташтырылат.
Жалпысынан 220 троллейбус (170 оперативдүү, 50 резерв) жана 490 автобус (380 оперативдүү жана 110 резерв) керектелет. Учурдагы миңдеген маршруттук таксилердин саны бир нече жүзгө чейин кыскарат. Бул борбор калаанын экологиялык абалына да пайдалуу болору долбоордо белгиленген.
МЖӨ борборунун маалыматына ылайык, долбоордо маршруттук тармакты оптимизациялоо каралган. Анда шаардын негизги жолдорунда тыгындарды пайда кылган айрым параллель маршруттардын саны кыскартылат.
Аталган борбордун өкүлдөрү мэрия долбоордун андан аркы тагдыры тууралуу позициясын айта электигин кошумчалашты.
Кечээ, 2-июнда, Бишкекте маршрутка айдоочулары иш таштап, линияга чыгышкан эмес. Алар жол акыны көтөрүүнү талап кылышууда. Акция бүгүн да уланып жатат.