БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда сентябрь айына чейин бир миллион адам коронавируска каршы вакцина алат. Бул туурасында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Бүгүнкү күнгө чейин Кытайдан жана Россиядан 190 миң доза вакцина келип, 75 миң кыргызстандык бир жолку эмдөөдөн өткөн. Жакынкы күндөрү алардын баары тең экинчисин алат.
Ошондой эле министр жакында COVAX программасы аркылуу Sinopharm препаратынын 150 миң дозасы жана "Спутник V" вакцинасынын 80 миң дозасы алып келинерин айтты.