16 жумалык түйүлдүктүн жүрөгүн текшерүүгө болот. Кардиолог Аматовдун маеги

Балдардын тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлүшүнө жана кардиологиялык оорулардын көбөйүшүнө алгач эненин саламаттыгы таасир этет. Ал эми тамак-аш, экология кийинки орунда турат.
Sputnik
Кыргызстандагы балдар кардиологу, медицина илимдеринин кандидаты Данияр Аматов Sputnik маалымат агенттигине балдар кардиологиясынын абалы жана оорунун табияты тууралуу маек курду.
Кардиолог дени-карды соо бала төрөлүшү үчүн түйүлдүк пайда болгонго чейин кам көрүү керектигин айтат.
— Акыркы кезде өлкөдө тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн бөбөктөрдүн саны өсүп жатат. Буга эмне себеп?
— Дүйнө жүзүндө ар бир төрөлгөн 1000 баланын ичинен 8-10 бөбөк жүрөк кемтиги менен төрөлүүдө. Бул оорунун күндөн-күнгө көбөйүшүнүн себеби — биринчиден, элдин санынын өсүп жаткандыгында. Экинчиден, заманбап дартты аныктоо технологияларынын өнүгүшү менен түшүндүрүлөт. Мурда УЗИ аппараттары шаарда бир-эки жерде эле болсо, азыр ар бир райондук ооруканада бар. Жүрөк кемтиги да экиге бөлүнөт. Мисалы, цианоздо баланын оозу-башы көгөрүп турат. Ал эми цианозу жок жүрөк кемтигинде мындай белгилер байкалбайт. Оозу-башы, манжалары көгөрүп турган баланын акыбалы да начарыраак болот. Ал балдарга эртерээк дарылоо же хирургиялык операция керек. Тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар салмак кошпой, дене бою жакшы өспөй, өнүкпөй калат. Бейтапканадан баланын жүрөгүндөгү добушту тыңшап эле жүрөк кемтигинин бар-жогун билип коюшат.
Данияр Аматов:дүйнө жүзүндө ар бир төрөлгөн 1000 баланын ичинен 8-10 бөбөк жүрөк кемтиги менен төрөлүүдө
Негизинен ата-эненин ден соолугу, өзгөчө эненин саламаттыгы маанилүү. Курсактагы түйүлдүккө эки ай болгуча эне эч оорубашы керек. Буга кошумча, депрессия, алкоголдук ичимдиктер, туура эмес тамактануу да түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасир берет.
Дүйнө жүзү боюнча статистикага таянсак, ар кандай оорулар менен төрөлгөн балдардын 13 пайызы жүрөк кемтиги менен жарыкка келет. Бул көрсөткүч өнүккөн өлкөлөрдө 8-9 пайыз, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде 12-14 пайызга чейин жетет. Кыргызстан ушул экинчи көрсөткүчтө турат. Бирок статистиканы туура жүргүзүүдөн да көп нерсе көз каранды.
— Балдардын кардиологиялык ооруларын дарылоодо жана дартты аныктоодо кандай ыкмалар колдонулуп жатат?
Хирург Шабыралиев: операцияга кезек жетпей чарчап калган бөбөктөр бар, шарт начар
— Адатта педиатр менен кардиологдун кадимки кароосунан өткөрөбүз. Андан кийин электр жана рентгендик кардиографиядан өткөрүп, жүрөктүн түзүлүшүн же көлөмүн аныктайбыз. Буга кошумча, эхокардиографиядан жүрөктүн өзгөрүүсүн так байкоого болот. Азыр дүйнө жүзүндө дарылоонун жаңы протоколу чыккан. Ымыркайлардын башын, эмгегин жана жүрөгүн дароо УЗИден өткөрүү шарт. Муну менен балдардын тубаса оорусу бар-жогун билсек болот. Бизде жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн төрөт үйлөрүндө кардиохирургиялык бөлүмдөрдү ачууга убакыт жетти. Анткени айрым тубаса жүрөк кемтиги оорусун транспортировкалоого болбойт жана дароо операция жасоо талап кылынат. Учурда балдар кардиологиясына мамлекет тарабынан материалдык каражат аз бөлүнүп, жетишерлик колдоо жок. Ошондуктан балдардын жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам көп ымыркайлар чарчап калышууда.
— Операция кандай ыкмалар менен жасалат?
— Биринчиси — ачык операция. Мында кадимкидей эле скальпель менен терини кесип, көкүрөктү ачып, жүрөктөгү тешиктер болсо аны жамап, тырышкан жерлерин жазабыз. Ал эми жабык операция — эндоваскулярдык деп аталат. Анда тамырлар аркылуу жүрөккө кирип, акклюдер менен тешиктерди жабат. Кысылып калган жери болсо аны баллон менен үйлөп ачат же стенд коёт. Жабык операция жолу менен клапандарды алмаштырууга да болот. Эненин ичиндеги түйүлдүктүн жүрөгүн 16 жумадан баштап атайын аппараттын жардамы менен текшерүү мүмкүнчүлүгү бар. Жүрөк жана кан тамырларынын абалы, анын кысылган же кысылбагандыгы 16 жумадан 25 жумага чейинки түйүлдүктөн аныкталат. Тубаса жүрөк кемтиги бар айрым наристелер төрөлөрү менен чарчап калышы мүмкүн. Кээ бир түрлөрүнө дароо операция жасалат же цианозу жок кардиологиялык оорулар атайын убактысы келгенде операция болот. Төрт камералуу жүрөктүн сол жагы менен оң жагынын каны аралашпашы керек. Анткени бири кир, экинчиси таза кан.
Данияр Аматов:тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар салмак кошпой, дене бою жакшы өспөй, өнүкпөй калат
— Кыргызстанда балдарга кардиологиялык кызмат көрсөтүүнүн абалына токтолсоңуз. Анткени балдар кардиохирургиясынын шарты начар экендиги маалым...
— Башка Орто Азия мамлекеттерине караганда биздин кардиохирургиялык кызмат жакшы жолго коюлган, бирок акыркы 30 жылдан бери балдардын кардиохирургиялык, жогорку технологиядагы эндоваскулярдык кардио операцияларын жасоо базасы бир да жолу жаңыртылып, жакшыртылган эмес. Ал эми ооруган балдардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Эгер коңшу Казакстан менен эле салыштырсак, ал жакта балдар кардиологиясынын материалдык базасына жана кадрлардын потенциалын жогорулатууга миллиондогон каражат сарпталууда. Муну менен катар аймактарда медициналык борборлорду да ачып жатышат. Албетте, бул кызмат көрсөтүүнүн сапатын көтөрөрү турган иш. Мындай мамиле бөбөктөрдүн майыптыгын жана өлүм санын азайтат.
Күнүнө 50дөн адам каза табат. Жүрөктү жабыркаткан коркунучтуу 8 дарт
Негизи 1990-жылдардан кийинки реформалар педиатрлардын азаюусуна алып келди. Ошол кездерде бул тармакты жоюп салуу максатында КММАдагы факультеттерди кыскартышкан. Алар чоңдор менен балдардын дарыгерин бир кылууну ойлошкон. Бирок биздин эл көп балалуу, жок дегенде эки-үч балалуу болушат. Бул нормалдуу көрүнүш. Бирок мамлекеттик саясат ушул жагын колдоого жана коргоого алуусу керек. Балдардын саны өскөн сайын адистер, ооруканаларда орун көбөйүп, ооруканалар да салынышы абзел.
Быйыл балдар дарыгерлеринин адискөйлүгүн арттырып, жакшы кадрларды алуу үчүн эл аралык педиатриялык оюндарды өткөргөнү турабыз. Бул интеллектуалдык оюнга ординаторлор, жаш врачтар, аспиранттардын катышууга мүмкүнчүлүгү бар. Чет мамлекеттеги бир катар университеттер да кошулушту.
— Кавасаки синдрому тууралуу да билгиси келген ата-энелер бар. Кыргызстанда азыр аны дарылоо иши, дегеле жалпы абал кандай болуп жатат?
— Кавасаки жаңы оору эмес, ал Японияда бир кылым мурда эле аныкталган. Азыркы вирус убагында козголгон оору Кавасаки эмес, ошого окшош илдет катары каралып, мында бардык клиникалык белгилери берилбейт. Бирок эң жаман жагы — жүрөктөгү эки коронардык артерия зыянга учурайт. Бизде балдар арасында Кавасаки синдромуна кабылгандар катталды, бирок алардын коронардык артериясы жабыркаган эмес. Жеңил түрү менен гана оорушту. Пандемия учурунда да биздин дарыгерлер биримдикте иштеп жатышты. Аймактардан да адистерди тарттык. Чакырууга бара жатканда биз балдарга бара жатканыбызды дайым эске алчубуз. Балдар оорусу өзгөчө кырдаал же пандемияга карабайт.
Данияр Аматов:ымыркайлардын башын, эмгегин жана жүрөгүн дароо УЗИден өткөрүү шарт
— Ата-энелерге кандай кеңеш бересиз?
— Ата-энелердин көбү кардиологдорго кайрылуудан көрө интернеттеги болбогон маалыматтарга ишенишет. Жок дегенде керектүү илимий макалаларды да окушпайт. Врач гана баланы карап, дартын аныктап, дарылоо жолдорун так жазып берерин эстен чыгарбоо керек. Анткени залалсыз жана залалдуу жүрөк кемтиги болот. Ошондой эле операция талап кылбай өзү бүтөлүп калуучу түрлөрү да бар. Учурда жүрөк кемтигинин көбүн дарылоо жолу менен сакайтууга болот. Медициналык камсыздандыруу фонду кардиологиялык жактан жабыркаган бир жаштан 18 жашка чейинки балдарды тейлөө босогосун көтөрүшү керек. Бул үчүн жарандар социалдык желе аркылуу акча чогултпай, мамлекет балдарды каржыласа көйгөй жеңилдемек. Өз балдарын камсыздоо, коргоого алуу — мамлекеттин түздөн-түз милдети.