Жаалданган бегемоттун туристтердин артынан сая түшкөн видеосу

Салмагынын оордугуна карабастан керик моторлуу кайыктын артынан калбай бир нече аралыкка чейин кууп келген.
Sputnik
Мугалим жана фотограф Дикен Мучена майдын аягында Кениядан өтө кызыктуу видеону тартып алгандыгын "National Geographic Россия" сайты жазды.
Алардын артынан бегемот бир нече жерге чейин кууп келген окуя Виктория көлүндө болгон.
Жыра тартып... Крокодилдердин олжосун илип кеткен бегемоттордун видеосу
Туристтер Африканын кечки абасында эс алуу үчүн суу үстүндө моторлуу кайык менен жүргөн. Видеодон ошол аймактан алыс эмес жерден төрт бегемотту көрүүгө болот. Чоочундардын айланадагы тынчтыкты бузганы алардын бирине жакпай калдыбы, айтор, жаныбарлардын бири туристтерди көздөй жаалдана чуркаган.
Бактыга жараша, катердин ылдамдыгынан улам керик аларга жетпей кала берген.
Маалыматтарга караганда, анын суудагы ылдамдыгы саатына 13 чакырымга жетет.