Сак болуңуздар! Ветеринардык дарыканаларда жасалма препараттар пайда болду

Мекеме жиберген сүрөттөрдөн байкокс, лозеваль, тривит, антипаразитон, энрон жана ferriphor дарыларын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги ветеринардык дарыканаларда жасалма дары-дармектер сатылып жатканын эскертти.
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги ветеринардык дарыканаларда жасалма дары-дармектер сатылып жатканын эскертти
Министрликтен билдиришкендей, ветеринария багытындагы дары-дармек каражаттарын, тоюттарын жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификациялоо боюнча борбор жасалма препараттардын сатылып жатканын аныктаган.
Мекеме жиберген сүрөттөрдөн байкокс, лозеваль, тривит, антипаразитон, энрон жана ferriphor дарыларын көрүүгө болот.
Сертификациядан өткөн ветеринардык дары-дармек каражаттарынын тизмеси менен министрликтин расмий сайтынан таанышууга болот.