Тери рагынын белгилерин кантип байкаса болот. Адистен 5 кеңеш

Дарыгердин айтымында, биринчи кезекте курт-кумурсканын чакканына окшогон кичинекей майда кызыл шишиктер тери рагынан кабар бериши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн — Sputnik. Тери рагынын алгачкы баскычындагы симптомдорун адам өз алдынча байкаса болот. Бул тууралуу РИА Новости британиялык дарыгерлерге шилтеме берип жазды.
Адистин билдиришинче, чиркей чакканга окшогон кичинекей майда кызыл шишиктер тери рагынан кабар бериши ыктымал.
"Бейтап өзү курт-кумурска чакса керек деп ойлошу мүмкүн. Андай учурда теридеги тактар же карттар бир нече күндөн кийин кетерин билебиз. Так болуп кызарган жер айыкпай ыңгайсыздык жаратып жатса кооптонууга негиз бар. Андыктан тезинен дарыгерге көрүнүү керек", — деди медик.
Ошондой эле дарыгер ракты өз алдынча билүүнүн бир нече жолун айтып, ооруканага кайрылууну сунуштады: