БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектеги маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилет. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда вице-мэр Русланбек Акылбеков билдирди.
"Экономика жана финансы министрлиги жөнгө салууну анализдөө боюнча долбоорду жактырды. Эми жакын арада токтом долбоору шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна киргизилет", — деди мэриянын өкүлү.
Бирок ал маселе эмне себептен сентябрь айына чейин калтырылып жатканын кенен түшүрдүргөн жок.
Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.
Ал эми бул маселени карап, чечип бере турган Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 11-июлга белгиленген. Буга чейинки шайлоо 11-апрелде өтүп, бир нече мыйзам бузуу катталгандыктан анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.