БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектин мэриясы маршрутка айдоочуларынын бүгүн ишке чыгар-чыкпасын билбейт.
Буга чейин "Манас" аэропорту шаардык транспорттун милдетин аткарып турууга төрт автобусун бөлгөн.
Бүгүн маршрутка айдоочулары иш таштады. Алар бийликтин жол киренин баасын көтөрбөй жаткандыгына нааразы болуп жатат. Тарифти көтөрүү маселесин кароо үчүн мэрия Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын жыйынга чогултуу аракетин көрүп жатканы кабарланды.