ТИМ: "Торугарт" пунктунан өткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйдү

Былтыркы жылдын күз айларында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын Кытай тараптан өткөрүлүшү кескин кыскартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайында 15-майдан тарта жүк ташуучу автоунаалардын саны күнүнө 50-60ка көбөйдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ведомство жетекчиси Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алып, кытай тараптын көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын ишин жөнгө салуу боюнча аракеттерин кубаттады.
"Кытайдын эки өлкө ортосундагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын ишмердүүлүгүн оптимизациялоо боюнча көрүп жаткан аракеттери үчүн ыраазычылык билдиребиз. "Торугартка" кран жабдыктары орнотулгандыктан, 15-майдан бери жүк ташуучу машиналардын саны күнүнө 50-60ка көбөйдү", — деди Казакбаев.
Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жактан жардам кылып, грант бөлөт
Эске салсак, былтыркы жылдын күз айларында Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын Кытай тараптан өткөрүлүшү кескин кыскартылган. Ишкерлер мурда суткасына 300дөй жүк ташуучу унаа өтсө, эми араң эле бештен ашпаган авто өтүп жатканын айтып, өкмөткө кайрылышкан. Кыргыз бийлиги маселени чечүү үчүн Кытай менен бир топ сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Ошол учурда Кытай Кыргызстанга транспорт каражаттарынын жана чиркегичтердин санитардык-техникалык абалын жакшыртуу, бузулган жана эски унаалардын иштешине жол бербөө, жүктөрдү өткөрүп жатканда транспорт каражаттарынын техникалык параметрлеринин дал келишин эске алуу боюнча талаптарды койгон. Ошондой эле коңшулар Кыргызстандагы Кытай компанияларынын коопсуздугун камсыздоону өтүнгөн.