Кыргызстанда жоруктардын 84 пайызы мыйзам бузууга өтүшү мүмкүн. Себеби

Учурда мыйзамга каршы келген тартип бузуу оордугуна жараша үч кодекстин негизинде каралат. Маселен, түкүргөндөр Эреже бузуу, адам өлтүргөндөр Жазык кодексинин негизинде жазасын алат. Алардын ортосунда Жоруктар кодекси бар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жоруктардын 123 түрүнүн ичинен 84 пайызын тартип бузуу категориясына киргизүү керектигин Башкы прокуратуранын Мыйзамдарды экспертизадан өткөрүү жана ишти уюштуруу башкармалыгынын ага прокурору Азизбек Шүкүрбеков сунуштады.
Бул тууралуу ал Жазык, Жазык-процессуалдык, Жазык аткаруу жана Эреже бузуу кодексинин долбоорлорунун бет ачары болгон учурда айтты.
"Жоруктардын 123 түрүнүн 104үн Эреже бузуу кодексине которуу жана калган 19 беренени анча оор эместигине карап Жазык кодексине киргизүү сунушталууда. Бул бир катар жоруктарды декриминализациялоо жана мыйзамдарды гумандаштырууну айгинелейт", — деген ал.
Муну менен катар эле анча оор эмес кылмыштар үчүн Жазык кодексинин долбоору боюнча эркинен ажыратуу каралган эмес.
"Стратегиялык чечимдер" деп аталган коомдук фонддун укуктук эксперти Ирина Летова бул сунуштар боюнча тынчсыздангандыгын билдирди. Анын айтымына караганда, Жоруктар кодексин эч кандай негизи жок эле жок кылып салууну көздөп жатышат.
"Жоруктардын бир бөлүгү өтө оор эмес кылмышка кирип калды. Бул деген эч кандай гумандаштыруу эмес, криминализация болуп жатат. Жорук менен кылмыш деген экөө эки башка нерсе да", — деди ал.
Эске салсак, мыйзамга каршы келген тартип бузуу оордугуна жараша үч кодекстин негизинде каралат. Маселен, түкүргөндөр Эреже бузуу, адам өлтүргөндөр Жазык кодексинин негизинде жазасын алат. Алардын ортосунда Жоруктар кодекси бар. Ал эреже бузуу менен кылмыштын ортосунда жасалган кылыктардын жоопкерчилигин аныктайт. Кылган жоругу үчүн адам эркинен ажыратылбайт.