Кыргызстанга келген туристтерден COVID-19га каршы вакцина алуу талап кылынбайт

Эмдөө дүйнө жүзүндө ыктыярдуу түрдө жүргүзүлгөндүктөн чет элдиктер коронавируска тапшырган ПЦР-анализинин терс жыйынтыгы менен гана өлкөгө кире алат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына кирген туристтерден коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Бул тууралуу өкмөт кабарлады.
Республикалык ыкчам штаб дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилеген. Бирок чет элдик коноктордун коронавируска тапшырган ПЦР-анализи сөзсүз каралат.
Учурдагы алгоритмдерге ылайык, тесттин терс жыйынтыгы үч суткага чейин эле жарактуу деп эсептелинет.