БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Кайгуул милициясы маршрутка күткөн карыялар менен балалуу аялдарды үйлөрүнө жеткирип жатат.
"Маршрутка айдоочуларынын иш таштаганына байланыштуу милиционерлер карыган адамдар менен балалуу аялдардын үйлөрүнө жетип алуусуна жардам берип жатышат", — дешти милициядан.
Маалыматта автобустар менен троллейбустарга жүргүнчүлөр батпай жатканы белгиленген.
Бишкектин Кайгуул милициясы мүмкүнчүлүгү бар айдоочуларды жолдо калган жөө адамдарды ала кетүүгө чакырды.