Депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча эки айга камалды

Соңку күндөрү Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип бир нече депутат, мурдагы өкмөт башчы, спикер кармалды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Экс-депутат Талант Узакбаев 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Эске салсак, мурдагы эл өкүлү 31-майда Кумтөрдөгү коррупциялык иштер боюнча УКМКга алып келинген. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров, мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов да кармалган эле.
Соңку күндөрү Кумтөр иши боюнча коррупцияга шектелип бир нече депутат, мурдагы өкмөт башчы, спикер кармалды.