БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкек тургундары маршруткалардан көз каранды болбошу үчүн 1300-1500дөй автобус талап кылынат. Анын 350сүн борбор калаага алып келип иштетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бул тууралуу шаар жетекчисинин транспорт маселелери боюнча орун басары Руслан Акылбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 2-июнь күнү, маршрутка айдоочулары ишке чыкпай коюшту. Мындан улам шаарда транспорт тартыштыгы жаралды.
Ал эми буга чейин муниципалитет Япониянын Isuzu үлгүсүндөгү газ менен жүргөн 350 автобусун алып келип иштетүү үчүн "Эко-пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон.
"Аталган компания менен алгачкы келишимдер түзүлгөн. Биз сөз кылып жаткан автобустар газ менен иштегендиктен керектүү жабдууларды жеткирүү бир аз кечигип калды. Негизи автобустардын июнь, июль, август айларында келиши күтүлүп жаткан эле", — деди Акылбеков.
Мындан тышкары, вице-мэр ал автобустар кандай негизде иштээрин түшүндүрүп берди.
"Аталган фирма автобустарды өз каражатына сатып алып иштетет. Биз аларга бардык шартты түзүп беребиз. Бирок алар жеке ишкана болгонуна карабай муниципалдык транспортко тиешелүү бардык талаптарды аткарышат. Мурдагыдай эле айрым жарандарга жеңилдетүүлөр каралат", — деди ал.
Акылбековдун айтымында, 350 автобус биринчи гана этап катары алып келинет. Фирма баш-аягы 1000 автобус иштетүүнү пландап жатат.
Мындан тышкары, мэрия өзү дагы газ менен иштеген автобустарды сатып алууну пландап жатканы кошумчаланды.