Бишкектеги 6-кичи райондо жаңы сквер ачылды. Сүрөт

Эс алуу жайын ачуунун чыгымын шаар тургуну көтөрүп, ага муниципалдык кызматтар жардам берген. Мэрия ыраазычылык айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Борбор калаанын 6-кичи районундагы Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эс алуучу жайдына ачылышына "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы жана активдүү шаар тургуну салым кошкон.
1 / 5
Борбор калаанын 6-кичи районундагы Сухе Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер ачылды.
2 / 5
Ага ылайык, эс алуучу жайдына ачылышына "Бишкекасфальтсервис", "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы жана активдүү шаар тургуну салым кошкон.
3 / 5
"Бишкек жашыл чарба" бактын көчөттөрүн отургузуп, жерди тегиздеп газон кылышты.
4 / 5
Жакын арада дагы 11 жалбырактуу бак-дарак отургузулат.
5 / 5
Демөөрчү болгон Нариман Кыбраев отургуч, таштанды челек, жарык берген мамы, автоматтык сугаруу системасы, арык, сугаруу системасы, бак-дарак, гүл, Wi-Fi жана башка сквер үчүн керектүү нерселер менен камсыздаган.
"Бишкексфальтсервис" ирригациялык лотокторду, тротуар жана жолдун чекелерин, темир бетон болгон сугат түтүктөрдү, суу өткөрүүчү люктарды жана темир тосмолорду орнотуп, асфальт төшөп берген.
"Бишкек жашыл чарба" бактын көчөттөрүн отургузуп, жерди тегиздеп газон кылышты. Жакын арада дагы 11 жалбырактуу бак-дарак отургузулат.
Демөөрчү болгон Нариман Кыбраев отургуч, таштанды челек, жарык берген мамы, автоматтык сугаруу системасы, арык, сугаруу системасы, бак-дарак, гүл, Wi-Fi жана башка сквер үчүн керектүү нерселер менен камсыздаган. Мэрия өз кезегинде шаар тургунуна ыраазычылык билдирди.