Акыйып автобус күткөн шаардыктар. Бишкектеги азыркы абалдын 14 сүрөтү

Sputnik

Ушул жылдын январь айында 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш таштаган. Мындан улам мэрия үч вариант иштеп чыгып, апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.

Ынтымакта бололу! Мэрия "Жолдон ала кет" акциясын демилгеледи
Ал эми 1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.

Бүгүн Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралып, автобустар менен троллейбустарда киши көп болууда. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат.

Учурда Бишкекте абал кандай экенин Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

1 / 14
2-июнь күнү эртең менен Бишкекте маршрутка айдоочулары ишке чыккан жок
2 / 14
Автобустар менен троллейбустарда киши көп болууда
3 / 14
Автоунаасы бош кетип бара жаткан айдоочулар аялдамада тургандарды ала кетип жатат
4 / 14
Айдоочулар шаардык кеңеш менен мэрия жол кире акысын жогорулатпай жатканына нааразы
5 / 14
Көйгөй январь айында эле башталып, анда дагы иш таштоолор болгон
6 / 14
1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу
7 / 14
Шаардыктар такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтууда
8 / 14
Айдоочулардын иш таштай турганы социалдык тармактарда кечээ эле айтылган
9 / 14
Аялдамада кишилер транспорт күтүп турушат
10 / 14
Көздөгөн жерине жетип алуу үчүн велосипедди колдонгондор дагы көп
11 / 14
Автобустун жүргүнчүлөрү
12 / 14
Маршрутка айдоочулары жол кирени 5 сомго көтөрүп берүүнү талап кылып жатат
13 / 14
ЖК депутаттары айдоочулары иш таштаган фирмалардын лицензиясын алып салууну сунуштады
14 / 14
Жол кире маселесин чечип берчү шаардык кеңештин депутаттары 11-июлда кайра шайланат