Бишкектеги соода борборлорунун балдар аянтчалары кайра ишке кирди

Балдар аянтчаларынын ээлери бардык санитардык талаптарды аткарууга милдеттүү. Тагыраагы, аянтчаларга балдар 50 пайызга гана толуп, аралыкты сакташы зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун балдар аянтчалары кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, балдардын көңүл ачуучу борборлору кечээ, 1-июнда, ачылган.
"Анткен менен балдар аянтчаларынын ээлери бардык санитардык талаптарды аткарууга милдеттүү. Тагыраагы, аянтчаларга балдар 50 пайызга гана толуп, аралыкты сакташы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, пандемия башталганда ишин токтоткон соода борборлорундагы балдар аянтчалары кийин кайра ачылган. Бирок жаздын башталышы менен Бишкекте эпидемиологиялык абал начарлап кеткендиктен, 1-апрелден тарта аянтчалар кайрадан жабылган.