Ал эми Жо Байден жана анын бүтүндөй Демократиялык партиясы вирус лабораториядан жасалган деген ойду дегеле жолотушкан эмес. Эми минтип күтүүсүз бурулуш болуп отурат. Өткөн аптадан тарта Байден вирус лабораторияда жасалган деген ыктымалды айтууда. Ал эми либералдык истеблишменттин жарчысы Facebook табышмактуу илдеттин лабораторияда жасалганы боюнча талкууланган постторду бөгөттөөнү токтотту. Вашингтондогу администрация коронавирус атайын жасалган вирус болушу мүмкүн экенин моюнга алары менен айыптуу ким экени аталды. Виктория Никифорова ушул "ачылыштын" айланасында ой толгогон.
Президент Байдендин буйругу менен атайын кызматтар вирус Кытайда жасалган деген версия менен гана алектенери турулуу иш. Башка варианттар каралган да жок. Кытай Эл Республикасын шалаакылыкка же диверсияга айыптоо, албетте, бир да далил менен тастыкталган эмес.
Кытайга каршы бул окуянын баары The Wall Street Journal басылмасында жарыяланган макалага гана негизделген. Анда пандемияга чейин эле Ухандагы кайсы бир окумуштуулар коронавируска окшогон дартка чалдыгышканы боюнча маалымат камтылган. Ошентсе да бул окуя таптакыр бүдөмүк, далилсиз.
Расмий Пекиндин мындай айыптоону четке кагып, вирустар менен эксперименттерди, анын ичинде аларга адамдын клеткасына терең өтүүгө мүмкүндүк берген белгилүү бир секвенцияларды киргизүү менен кытайлык окумуштууларга караганда америкалык илимпоздор кызуу изилдеп келишкенин далил келтиргени акылга сыярлык.
2019-жылдын жай жана күзүндөгү окуялардын жүрүшү да шек жаратат. Август айында Кошмо Штаттардагы айтылуу Форт-Детрик аскердик биолабораториясы капыстан жабылат. Ал жайда планетанын эң кооптуу вирус жана бактериялары сакталып, изилденет. Арасында сибирь жарасы, чечек, чума да бар. Өтө купуя окумуштуулар чыгармачылык менен бул үлгүлөргө эксперимент жасап, алардын негизинде жаңы, кыйла кооптуу варианттарды иштеп чыгышат.
Мында Америка Кошмо Штаттары Биологиялык жана токсиндик куралга тыюу салуу жөнүндөгү конвенциянын аткарылышын өз ара көзөмөлдөө тууралуу протоколго кол койбогон саналуу мамлекеттердин бири экенин эске салып койгон оң. Бул конвенцияга макул болгон өлкөлөрдүн баары, анын ичинде Россия да, Кытай да бири-биринин лабораторияларын текшере алышат. Ал эми АКШнын биолабораторияларында эмне менен алектенип жатышканы илимге белгисиз. Иш жүзүндө алар конвенциянын талаптарын аткарышабы же жокпу, айкын эмес.
Форт-Детрик лабораториясы кандайдыр кырсыктан (анда изилденген нерселер агып чыгып) улам жабылат. Өтө жашыруун даражасы эмне кайда агып чыккан, канча көлөмдө экенин жарыялоого жол бербейт. Анткен менен ошол эле жылы Кошмо Штаттарда өпкө илдеттеринин таңгалыштуу бир эпидемиясы башталат. Адегенде аны вейпке, тагыраак, вейптер үчүн чыгарылган өлүмгө кептей турган коркунучу бар жаңы, табышмактуу аралашмага шылташкан. Пневмониянын тез өрчүшү, ички органдардын жабыркашы ошол дарттын белгилерине кирген, жалпысынан COVID-19ду эске салат. Октябрда америкалык аскерлер Уханга эл аралык спорттук мелдешке барышат. Бир катар кытай эксперттеринин айтымында, жергиликтүү элге ошол иш-чарада жуккан.
Кытайлык жолдоштордун версиясын талашууга да болор, бирок жалпысынан бул пикир АКШда айтылган айыптоолорго караганда алда канча акылга сыярлык. Бир жылдан ашуун убакыт америкалык үгүттүн бүт күчтөрү вирустун табигый жаралышы боюнча теорияны жактоого жумшалганы да түкшүмөл ойго түртөт.
Кошмо Штаттарда коронавирус боюнча башкы көзөмөлчү Энтони Фаучи бир жыл бою вирустун лабораторияда жасалгандыгы тууралуу бардык версияларды четке кагып келген. Социалдык медиада вирустун жасалма экенинен шек санагандарды уяткарып, кодулашкан. Белгилүү француз вирусологу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Люк Монтаньенин коронавирустун атайын жасалгандыгы тууралуу билдирүүсү жетишкен ийгиликтери менен кадыр-баркына доо кетирип кое жаздаган. Болбосо ал ВИЧ вирусунан алынган сымал SARS-CoV-2нин түзүлүшүндөгү ырааттуулукту коомчулукка көрсөтүп, бул коронавирустун колдо жасалганынан кабар бериши мүмкүн экенин гана айткан.
Коронавирустун курамы боюнча изилдөө иштери кызуу жүрүп турган маалда кытай тектүү америкалык вирусолог Бинь Люну Питтсбургда атып кетишкен. Ал кандайдыр кызыктуу ачылыш кылганын билдирүүгө үлгүргөн, бирок капыстан киши колдуу болгон.
Америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын күчү заматта эле коомго "сен прогрессивдүү либерал жана демократсыңбы, анда Байденге жүрөгүңдү тыңшай добуш бересиң, өзүң аңдап обочолонуп, коронавирустун жаралышы табигый экенине ынанасың" деген тейдеги консенсусту таңуулай салган. Бул интернет айдыңында атайын чыгарылган вирус, карантинге каршы пикирдегилер менен алардын ортосундагы ажырымды жараткан. Себеби ссоциалдык медианын басымдуу бөлүгү америкалык таасир этүүнүн нагыз инструменти эмеспи. Табигый жаралышы жөнүндөгү версиянын коомчулукка агрессивдүү таңууланышы америкалык өнөктөштөрдүн өз лабораторияларын калкалоо далалаты болгонбу деген таасир калтырат.
Кандай болгон күндө да коронавирустун табигый жаралышын тастыктай турган илимий далил деле азырынча табыла элек. Муну изилдөө жаатындагы соңку аракет быйыл кышта Кытайда иш алып барган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясы тарабынан жасалган. Эл аралык эксперттер вирустун жарганаттан адамга кайсы жолдор менен өткөнүн аныктай алышкан жок. Ортодо алп кескелдириктен (панголин) да шектеништи, анткен менен бул сейрек кездешүүчү жырткыч кантип оору жуктуруучу звено болгону тууралуу такталбай эле калды. Айтор, алп кескелдириктин да, жарганаттын да эч тиешеси жок өңдөнөт. Ошондой эле Ухандагы лабораториядан кандайдыр кырсык болгонун да Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери аныктай алышпады. Лабораториялык изилдөөлөр масштабындагы айырма да америкалык өнөктөштөрдүн пайдасына эмес. Кытайдын чет өлкөдө биолабораториялары жок. Ал эми АКШда алар жүздөп саналат. Тагыраак, Кошмо Штаттардын мындай лабораториялары дүйнөнүн 25 өлкөсүндө иштейт. Кандайдыр кызыктуу шайкештикте алардын көпчүлүгү Россия жана Кытайдын чек араларынын боюнда топтоштурулган. Украинада эле 16 америкалык биолаборатория бар. Кооптуу учурлар да далай болгон. 2015-жылы америкалык USA Today журналы үрөй учурган укмуштай учурларды жазган. Басылмада жүздөгөн андай калабалар тууралуу кеп козголгон.
Журналисттер 2014-жылы эле Эбола лихорадкасы, куш тумоосу, чечек илдеттерин козгогучтар камтылган сыртка агуулар болгонун белгилешкен. Анан да АКШнын Коргоо министрлиги сибирь жарасынын тирүү спораларын "жаңылыштык менен" Түштүк Кореяга жөнөтүп алган. Өлүмгө кептей турган эпидемиядан кооптонгон кореялыктар митингге да чыгышканы маалым.
Грузиядагы биолабораторияда америкалык окумуштуулар Gilead фирмасы тарабынан иштелип чыккан абдан уулуу препаратты адамдарга сынап көрүшкөн. Аталган ишкананын негизги акционерлеринин бири Кошмо Штаттардын мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфелд. Сыноонун жыйынтыгында 73 адам набыт болгон. Эбак жеңилген илдеттердин эпидемиясы дал америкалыктардын биолабораториялары иштеген жерлерде чыгып калып жатканы эң жагымсыз шектенүүлөргө түртөт.
Качандыр бир өтө кооптуу вирус жана бактериялардын лабораториялардан сыртка агылышы кадимки эле шалаакылыкпы же атайын пландалган операция экени боюнча так маалымат аларыбыз арсар. Эки көрүнүш тең кооптуу. Бирок өкмөттүк глобалдык диверсияны элестете турган болсок, жай жана эч кимге эч кандай жалбаруусуз алдыга умтулган Кытайдын стили эмес экени айкын. Соңку убакта мындай кескин аракеттер дүйнөнүн булуң-бурчуна башаламандык үрөнүн сепкен, өзүнүн мурдагы күчүнөн тайып баратканын жайлатуу аракетинде бардык структураларды талкалоодон кайра тартпаган дал америкалык өнөктөштөргө коошуп турат.