Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт

Өнөр ээлерин тандоо туру 19-июнда Коомдук телерадио корпорациясынын залында болот. Мелдеш эртеси күнү кечинде улуттук филармонияда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Борбор калаада 20-июнда республикалык айтыш сынагы өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фонду кабарлады.
Эл ырчысы Эстебес Турсуналиев 90 жашка чыкмак. Акындын сүрөттөгү элеси
Тандоо туру 19-июнда саат 10:00дө КТРКнын залында башталат. Айтыш эртеси, 20-июнда, саат 18:00дө улуттук филармонияда өтөт. Байге фонду бир миллион сом.
Ушул жылдын 28-мартында "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган айтышта баш байгени Идрис Айитбаев, ал эми биринчи орунду Баян Акматов алган эле.