Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдеште төрт медаль утушту

Champions 2021 XXIII эл аралык мелдеши 28-30-май күндөрү Стамбул (Түркия) шаарында өткөн. Балбан кыздарды Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекция жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыздар күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы төрт медаль жеңди. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Champions 2021 XXIII эл аралык мелдеши 28-30-май күндөрү Стамбул (Түркия) шаарында өткөн.
Боксчулар Азия чемпионатынан төрт коло медаль менен кайтты. Сүрөт
Калмира Билимбекова (57 килограмм) жана Сезим Жуманазарова (59 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 килограмм) менен Бермет Нуридин кызы (57 кг) мелдеште үчүнчү орунду ээлешти.
Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн. Спортчуларды башкы машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов жетектеп барды.