БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада коронавирустан жети адам каза таап, 382 адам ооруга чалдыккан. Ал эми 329 киши вирусту жеңе алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Айыккандар:
Жуктургандар:
Коронавирус башталгандан бери өлкө боюнча 105 111 киши вирус жугузуп алды. Алардын ичинен 98 873 кыргызстандык сакайып, 1 815 киши каза тапты.
Учурда стационарда 1 634 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 86 кишинин абалы өтө оор деп айтылды.
Ал эми үйүндө оору менен алышып жаткандардын саны 1 758 экени маалым болду.