Радио

Молдалиев: Кыргызстандын мамлекеттик аскердик түзүмү кулады

Баткен жоокерлеринин республикалык комитетинин төрагасы, полковник Сатыбек Молдалиев КР Куралдуу күчтөрүнө 29 жыл толгонун айтты.
Sputnik
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 1992-жылы 29-майда түзүлгөн. Ошол учурдагы башчы Аскар Акаевдин жарлыгы менен советтик армиянын республика аймагына жайгаштырылган бөлүктөрү карамагына өткөн. Бул тууралуу Сатыбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгемендүүлүк алгандан кийин өлкө аймагындагы авиабаза, окуу жай, техника, кампадагы запастар толук бойдон Кыргызстандын ээлиги болуп калган.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери, армиясы аз. Себеби бизди кыскартып эле келе жатат. Аскер адамдары чоңунун айтканын угат. Бизди айтышпа, милдетти так аткар, баш ий деп окуткан да. Мына аскердик госпиталь кыскарып, Офицерлер үйү жок болду. Мисалы, Кыргыз-Россия Славян университетинин имараты офицерлер үйү эле. Ал аскер адамдары үчүн салынган. Азыр ушул окуу жайдын ректору окуу жайдын чогулган каражаты башка жаңы имарат салганга жетип калганын айтып жатат. Ал эми Оштогу Офицерлер үйү сатылып кетти. Чоңдор эмнени карап жатат, билбейм. Кантип сатылып кеткенин изилдеп, карап чыга турган иш. Биздин мамлекеттик аскердик түзүм кулады. Алсак, аскер кафедрасы бир эле аскер башчынын ою менен жоюлуп кетти. Эмне деген имараттар, окуу куралдары жок болду. Ошону менен бирге Баткендеги аскер факультетинен дагы кол жуудук. Эми бүгүнкү күндө президент буларды кайра өз ордуна коюш керек деп жатат. Бирок мунун баарын кайра калыбына келтириш өтө оор. Ушундай жагдайга карабастан казармаларды, жакшы техника, кадрларды сактап кала алдык. Кыйын учурда орус эли жардам көрсөтүп, биздин офицерлерди бекер окутту. Азыр ошол командирлер кыргыз армиясын башкарып жатат", — деди Молдалиев.
Ал ардактуу эс алуудагы генерал-полковник Мырзакан Субановдун кыргыз армиясынын түптөлүшүнө кошкон зор салымын белгилеп, убагында Кыргызстандын Панфилов атындагы 8-мотоаткычтар дивизиясынын ар кайсы өлкөдөгү аскер бөлүктөрүн алып келгенин кошумчалады.