"Кумтөр голд компани" жана "Кумтөр оперейтинг компани" АКШдагы сотко кайрылышты

Канадалык компания сотко Кыргызстандын бийлигинин иш-аракеттеринен улам өзүнүн жана акционерлеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында кайрылганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын туунду "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" ишканалары АКШдагы Нью-Йорк түштүк округунун сотуна доо арызы менен кайрылды. Бул тууралуу Centerra компаниясынын расмий релизинде жазылган.
Маалым болгондой, канадалык компания сотко Кыргызстандын бийлигинин иш-аракеттеринен улам өзүнүн жана акционерлеринин кызыкчылыктарын коргоо максатында кайрылган.
Калдыкты ат чабым жерге ташыбай, мөңгүнү талкалашкан. Кумтөрдүн кейиштүү видеосу
Процесс учурда АКШнын банкроттук тууралуу федералдык кодексинин 11-бөлүмүнө ылайык, соттун көзөмөлүндө.
Centerra компаниясы белгилегендей, мындан сырткары, бул соттук процесс "Кумтөр голд компани" жана "Кумтор оперейтинг" компанияларына коюлган бардык доолорду автоматтык түрдө токтотот.
Компания бул процесс Кыргызстандын өкмөтү менен потенциалдуу сүйлөшүүлөрдү жеңилдетет деп ишенет.
Бул процедура компаниянын башка тармактарынын ишмердүүлүгүнө, анын ичинде Канададагы Маунт Миллиган кени, Түркиядагы Өксүт кенинин ишмердүүлүгүнө жана Түндүк Америкадагы молибден менен иштеген бизнесине таасирин тийгизбей турганы айтылды.