Эки көзү эки башка түстө. Гетерохромиясы бар 8 жылдыздын сүрөтү

Sputnik

Көздүн түсү маанайга, күндүн убактысына, жарыкка байланыштуу өзгөрүп турат. Европалыктарда көп учурда көк түстүү көздөр жолугат. Бул да гендин мутациясынын таасири катары саналат. Көздүн жашыл түстө болушу эң сейрек кездешүүчү көрүнүш. Ошондуктан ал акын-жазуучулардын ырында пайдаланылат.

Айрым адамдардын көзү сары жана сыя көк түстө болот. Бирок мындай көрүнүш өтө сейрек кездешет. Көздүн карегинин түсү меланиндин көлөмүнө жараша болот, бирок анын таралуу механизми иштен чыгып, эки көз эки башка түстө болуп калат. Гендик мутация бала эненин курсагында жаткан кезинен башталат. Көздүн түсүнүн өзгөрүшү кээде жаракат алгандан же оорудан кийин пайда болушу мүмкүн.

 

1 / 8
Гетерохромия – бул адамдын эки көзү эки башка түстө болгон өзгөчөлүк. Сүрөттө: Элизабет Тейлор, "Клеопатра" тасмасында.
2 / 8
Эң көп кездешкени – күрөң түстөгү көз. Сүрөттө: Кейт Босуорт, 2020-жылы Беверли-Хиллзде (Калифорния) өткөн Vanity Fair Oscar кечесинде.
3 / 8
Көздүн карегинин түсү меланиндин көлөмүнө жараша болот, бирок анын таралуу механизми иштен чыкса, анда адамдын эки көзү эки башка түстө болуп калат. Сүрөттө: музыкант Дэвид Боуи.
4 / 8
Гендик мутация бала эненин курсагында жаткан кезинде болот. Сүрөттө: актриса Алиса Ева Лас-Вегаста өткөн "Она вне моей лиги" тасмасынын бет ачарында.
5 / 8
Көздүн түсү кээде жаракат алгандан же оорудан кийин өзгөрүшү мүмкүн. Сүрөттө: Джейн Сеймур, Беверли-Хиллзде (Калифорния) Silver Linings Playbook китебинин бет ачарында.
6 / 8
Европалыктардын көзү көбүнчө ачык көк түстө болот. Бул да гендин мутациясынын таасири. Сүрөттө: америкалык кесипкөй бейсболчу Макс Шерцер.
7 / 8
Боз түстөгү көз маанайга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Сүрөттө: актриса Мила Кунис Нью-Йоркто MTV студиясында өткөн Total Request Live шоусунда.
8 / 8
Көк көз — табигый көрүнүш эмес, бул кандайдыр бир деңгээлде мутациянын натыйжасы. Ал эми андай адамдардын көзүнүн түсүнүн ички бөлүгү кара-күрөң түстө болот. Сүрөттө: актер Доминик Шервуд.