БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет июнь айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Чүй облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус көтөрүлүп, +22…+24 градус болору күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +9...+14 градустан +17…+22 градус, күндүз +21… +26дан +25…+30 градуска чейин чыгат. Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8ден +9…+14кө чейин, күндүз +16…+21ден тарта +21…+29 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (31-42 мм, тоо этектериндеги райондордо 70-73 мм).
Талас облусу
Абанын айлык орточо температурасы норманын чегинде болуп, +19…+21 градус болору айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6...+11 градустан +13...+18ге чейин, күндүз +20...+25тен тарта +29...+34 градуска чейин жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (26-31 мм).
Ош облусу
Абанын айлык орточо температурасы +23…+25 градус, тоо этектеринде +18…+20 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +17…+22 градуска чейин, күндүз +23…+28ден тарта +32…+37 градуска чейин өзгөрүлүп турушу ыктымал.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден, +13…+18 градуска чейин, күндүз +20…+25тен тарта +29…+34 градуска жетет.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (13-39 мм, тоо этектериндеги райондордо 44-59 мм).
Жалал-Абад облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогорулап, +23…+ 25, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градус болушу күтүлөт.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +17…+22 градуска чейин, күндүз +24…+29дан тарта +32…+37 градуска чыгары айтылды.
Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +7…+12ден +13…+18ге чейин, күндүз +19…+24төн тарта +27…+32 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (30-32 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-92 мм).
Баткен облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп +23 …+25, тоо этектериндеги райондордо +18…+20 градуска жетери айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +11…+16дан +18…+23кө чейин, күндүз +24…+29дан тарта +32…+37 градуска чыгары божомолдонууда.
Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын болушу күтүлөт (19-21 мм, тоо этектериндеги райондордо 29-31 мм).
Ысык-Көл облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, аба ырайы болжол менен +15…+17 градусту көрсөтөрү айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +5…+10дон +11…+16 градуска чейин, күндүз +15…+20дан тарта +23…+28 градуска жетери болжолдонду.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (27-32 мм, чыгышында 55-86 мм).
Нарын облусу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, орточо эсеп менен +14…+16 градустун тегерегинде кармалып турары айтылды.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2…+7ден +18…+13кө чейин, күндүз +15…+20дан тарта +24…+29 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (38-56 мм).